Бишкек шаарынын “Дизайн-код” долбоорунун экинчи этабын жана “Ачык асман” концепциясын ишке ашыруунун алкагында имараттардын фасаддарында иретсиз жайгашкан инженердик коммуникацияларды (ВОЛС) иретке келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө чакырабыз: -Имараттардын жана курулмаларынын көчө тарабындагы (алдыңкы) фасаддары боюнча тартылган бардык кабелдерди өз алдынча демонтаждоо; -Байланыш линияларын жер астынан же ички (двордук) фасаддар аркылуу орнотуу жолу менен кайра жайгаштыруу; -Бардык сырткы инженердик тармактарды архитектуралык талаптарга ылайык иретке келтирүү. Иш-чаранын биринчи этабы Жибек Жолу проспектиси, Чүй проспектиси, Ж. Абдрахманов көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси, И. Ахунбаев көчөсүндө жүргүзүлөт. 

Бишкек шаарынын тургундарын жарандык активдүүлүк көрсөтүүгө жана өз интернет-провайдерлерине кайрылып, фасаддар боюнча тартылган кабелдерди мүмкүн болушунча тез арада иретке келтирүүнү талап кылууга чакырабыз.

 Кошумча суроолор боюнча, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгына кайрылсаңыздар болот: 0312-31-29-90

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.