Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы “Бишкек шаарынын дизайн-коду” эрежелерин ишке ашыруунун алкагында турак жайлардын фасаддарына текшерүү жүргүзүлүп жатат. 

Эми Дизайн-кодду ишке ашыруунун экинчи этабы башталат. Экинчи этаптын алкагында: 

– турак жай батирлеринин сырттагы кондиционер блокторун; 

– фасаддарга жайгаштырылган интернет жана электр зымдарын; 

– өз алдынча айнектелген балкондор; 

– уруксатсыз орнотулган кошумча конструкциялар боюнча иретке келтирүү иштери жүргүзүлөт.

 Белгилей кетсек, Дизайн-код боюнча интернет зымдары сыртка чыкпай иреттүү жайгаштырылып, кондиционерлер терезенин жанына орнотулушу керек. Ал эми балкондорго кошумча курулуш жүргүзүлбөшү шарт. Урматтуу борбор калаанын тургундары, жашаган турак жайыңызды Бишкек шаарынын Дизайн-кодунун талаптарына ылайык иретке келтирүүгө чакырабыз.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.