Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жыйындар залында автоматташтырылган маалыматтык тутумду (АМТ) киргизүү боюнча жыйын болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү башкармалыктын башчысынын орун басары Арсен Кыдыралиевге жана бөлүм башчыларына программаны иштеп чыгуу кайсыл баскычта экендигин жана аны пайдаланууда кандай маселелер жаралгандыгын көрсөтүштү.

Эскерте кетсек, келечекте АМТ жеке кабинети аркылуу тургундардын арыз берүү жана алуу үчүн кеңсеге баруу зарылдыгын толугу менен жокко чыгарат. Кеңседеги бардык иш процесстери электрондук форматка өткөрүлөт. Учурда бул программа боюнча бир нече бөлүмдөр иштеп жатат.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.