Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында шаар куруу кеңешинин жыйыны болуп өттү.
 
Ага Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангелдиева, Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров, Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын начальниги Медербек Кыдырмаев жана шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү катышышты.
 
Жыйында курулуш долбоорлорунун маселелери каралып, ошондой эле Россиялык архитектура-курулуш илимдер академиясынын (РАКИА) академиги, келечектүү шаар куруу илимий-изилдөө институтунун директору Павел Спирин кеңири баяндама жасады. Ал иштелип жаткан Бишкек шаарынын башкы планынын алкагында комплекстүү шаар куруу талдоосун сунуштады.
 
 

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.