“Бишкекбашкыархитектура” ММнин жетекчилиги жана жамааты жаздын келиши менен бекитилген аймакты ирээтке келтирүү иштерин башташты. Ынтымактуу жамаат бүгүн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн баштап Жибек-Жолу проспектисине чейинки аралыктагы Ж.Турусбеков көчөсүнөн катуу тиричилик таштандыларын чыгарып жана кургак бутактарды алып ташташты. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевдин тапшырмасы менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жанындагы аймакты начальниктин орун басары Азирет Акимов жана бөлүм башчылары, адистер менен бирге көрктөндүрүү уланууда. Эске салсак, Бишкек мэриясы 2025-жылдын 15-мартынан тартып 2025-жылдын 17-майга чейин Бишкек шаарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыялаган.