Шаар куруу жана архитектура департаментинин алдындагы “Бишкекбашкыархитектура” ММнын жыйындар залында “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальнигинин орун басары Назгүл Койбагарованын төрагалыгы астында жеңилдетилген типтеги объекттерди (ЖТО) жайгаштыруу эрежелеринин долбоору коомдук талкууга алынды.
Талкууга райондук архитекторлор бөлүмүнүн начальниктери, ошондой эле мекеменин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги катышты. Жолугушууга уюлдук операторлордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары Ассоциациясы, Банктар бирлиги катышышты, алар өз сунуштары жана сын-пикирлери менен чыгышты. Катышуучулар тарабынан ЖТО жайгаштыруу эрежелеринин долбооруна карата сунуштар менен бирге түзөтүүлөр киргизилди жана кийинки отурумга аларды эске алуу менен мекеме жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүү үчүн документтин вариантын даярдайт.