“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси эки номинация боюнча жеңишке жетишти! Кыргызстандын Архитекторлор союзу “Үч өлчөмдүү искусство” журналынын редакциясы менен биргеликте “УСТА” конкурсунун жыйынтыгын чыгарды.
Кадыр-барктуу калыстар тобунун чечими менен, “Жылдын архитектору” номинациясына Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев ээ болду.
“Ишке ашырылган мыкты долбоор” номинациясы “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин комплекстүү долбоорлоо бөлүмүнүн адистерине – Эйнар Кулбаев жана анын командасындагы архитекторлор тобуна ыйгарылды. Мекеменин архитекторлору Ала-Тоо аянтын фонтан комплекси менен реконструкциялоо долбоорун сунушташкан.
Ошондой эле, “Мыкты долбоор”, “Мыкты долбоордук уюм”, “Мыкты дизайн-долбоору”, “Мыкты ишке ашырылган дизайн-долбоору”, “Азамат Уста” конкурстук иштери сунушталган.