Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин начальниги – Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевдин чакыруусу менен, “Манас” эпосунун күнүнө карата, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында белгилүү “Манас” театрынын манасчысы Асаналы Калил уулу жана анын жаш жолдоочулары архитекторлор менен жолугушту.
Ал Манас эпосунан үзүндү айтып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү жана бул уникалдуу маданий мурасты колдоо жана сактоо боюнча кандай иштер жүрүп жаткандыгы жөнүндө айтып берди.
Мекеменин кызматкерлери ага суроолорду берип, “Манас” эпосуна байланыштуу кеңири жоопторду алышты. Асаналы Калил уулу 4-декабрда гана эмес, “Манас” эпосун жамаатка, туугандарга, жакындарга үзгүлтүксүз жайылтуу керектигин белгиледи. Жолугушуу учурунда топографиялык сүрөткө тартуу бөлүмүнүн адиси Ырыскелди Кадырбеков жана жаш манасчылар Манас эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.
Жолугушуунун аягында Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев чакан белек тапшырып, руханий мурасты сактоо жана өнүктүрүү үчүн ыраазычылык билдирди.

Видеону көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=5Uhu0EmdDvk

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.