Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин жана “Бишкекбашкыархитектура” ММнын жамаатынын атынан бардык кыргызстандыктарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Жыл сайын 7-8-ноябрда республикада Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Бул даталар кыргыз элинин турмушундагы негизги тарыхый окуяларды чагылдырат. Майрамдын даталары бизди элибиздин терең тарыхына, өлкөбүздүн учурдагы көрүнүшүн калыптандырган, маданий жана архитектуралык баалуулуктарды жараткан муундар менен руханий байланышка бурат.
Ата-бабаларыбыздын элеси, биз үчүн өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө дем болуп, алардын жаратмандыкка умтулуусу элибиздин мыкты салттарын жана рухун чагылдырган шаарларды курууда бизди бекемдесин.
Ар бир Кыргызстандыкка ден соолук, бакубатчылык жана ачык асман каалайбыз.