“Бишкекбашкыархитектура” ММнын бир нече бөлүмдөрүнүн адистери акын, кыргыз совет адабиятынын классиги Алыкул Осмонов 1938-1944-жылдары жашаган үйүн реконструкциялоо долбоорун аякташты.
Имарат 1930-жылдары курулган. Үйдүн имараты төрт бөлмөдөн туруп, бир кабаттуу. 2000-жылы имарат реконструкцияланган. Көргөзмө бөлмөлөрүндө акындын сүрөттөрү, кол жазмалары, жеке буюмдары жана адабий чыгармалары коюлган.
Бишкек шаарынын мэриясы менен кызматташууда Түрк маданияты жана мурасы фондунун жетекчилиги астында 2024-жылы Алыкул Осмоновдун Үй-музейи калыбына келтирилген жана түзүлгөн, “Бишкекбашкыархитектура” ММсы үйдүн долбоорун иштеп чыккан.
Бир нече айдын ичинде үйдүн долбоорунун бир нече варианты жасалды. Долбоордо студенттер жана окуучулар сабак ала турган заманбап боз үй түрүндөгү окуу залы каралган.
Ошондой эле, реконструкциялоого “Бишкекбашкыархитектура” ММнын топонимика сектору жана Ленин районунун райондук архитектору активдүү катышты.
Архитекторлордун ою боюнча габиондо Алыкул Осмоновдун “Ата Журт” ыры жазылган тактачалар орнотулган. Төрт сап ыр кыргыз, казак, өзбек, түрк жана азербайжан тилдерине которулуп, габиондорго жайгаштырылган.
Аймакта ыңгайлуулук үчүн отургучтар жана түнкү жарыктандыруу бар.
2024-жылдын 4-ноябрында Бишкектеги Алыкул Осмоновдун Үй-музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзү менен чыгып, маданий мурастарды сактоо жана агартуучулук ишмердүүлүктүн маанилүүлүгүн белгиледи.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.