Министрлер Кабинетинин башчысы Жапаров Ахунбаев көчөсүнөн жана Айтматов проспектинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки жолдун участогунда болуп, аларда капиталдык оңдоонун жүрүшү менен таанышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы А.Жапаров тарабынан Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиевге күнү-түнү иш алып баруу тапшырылды.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин алдына да бир катар милдеттер коюлган. Өз кезегинде ал ишкананын бардык жооптуу кызматкерлерин ыкчам чогултуп, жеринде активдүү иштөөгө чакырды. Бул жерге “Бишкекбашкыархитектура” МИнин башкы сүрөтчүсү – жарнама жана дизайн бөлүмүнүн башчысы, жол-транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери, ошондой эле райондук архитекторлор бөлүмүнүн адистери барышты.
Ошондой эле, “Бишкекекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы, Биринчи май жана Октябрь райондорунун башчылары, орун басарлары жана адистери, ошондой эле “Бишкекжашылдандыруукурулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери активдүү иштешти.
Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаганга чейин, Бишкектин башкы архитектору тарабынан бул көчө боюнча жайгашкан чарбалык субъекттердин көп кабаттуу турак үйлөрүнүн жана имараттарынын сырткы көрүнүшүн бекитилген дизайн кодуна ылайык бирдиктүү эстетикалык көрүнүшкө келтирүү тапшырмасы берилген.
Ошондой эле, имараттардын фасаддары боюнча коммерциялык жайлардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, имараттардын жана курулмалардын фасадындагы бардык көрнөктөрдү, ошондой эле жеңил конструкциялардагы объекттердин көрнөктөрүн бирдиктүү стилге келтирүү жана бардык көрнөктөрдү мамлекеттик тилде жол-жоболоо зарыл боло тургандыгы белгиленди.
Бардык менчик ээлери объекттин айланасында тазалыкты жана тартипти сактоого милдеттендирилет.
Видеону көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=Fh8GbHIl1IY