Шаарыбыздын айрым участкаларындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышып чыкты.
Аткарылып жаткан жумуштар, курулуш иштеринин мөөнөтү, каражат туурасында кенен маалымат бердим.
Акылбек Усенбекович ишти күн-түн дебей жүргүзүүнү тапшырды!
Мен Бишкек шаарынын башкы архитектору катары «БишкекБашкыАрхитектура» ишканасынын кызматкерлерине ишти башынан аягына чейин катуу көзөмөлгө алууну, ар жуманын шаршемби күндөрү саат 15:00дө аткарылган иштер туурасында мага отчет берип турууну тапшырдым!
И.Ахунбаев көчөсүндөгү капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаганга чейин жогоруда аталган көчөнүн боюнда жайгашкан бардык көп кабаттуу турак-жайлар жана бизнес субъекттердин имараттары бирдиктүү эстетикалык көрүнүшкө келтирилиши керек!
Бекитилген “Дизайн-Код” боюнча, И.Ахунбаев көчөсүндөгү биринчи линиядагы бардык имараттар жана курулуштар талапка ылайык болушу шарт. Бардык тепкичтер бир стилде жана окшог материалдан жасалышы керек.
Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында аялдамалардын, унаа токтотуучу жайлардын алдын ала долбоорун иштеп чыгабыз. Көчөлөрдүн кесилиштеринде жайгашкан аялдамалар башка жакка которулат.
И.Ахунбаев көчөсүндөгү бак-дарактарды инвентаризациялоо жүргүзүлөт: ооруп калган жана куурап калган бак-дарактар кыйылып, ордуна жаңылары: клен жана ясень отургузулат.
Долбоордо ар бир бак үчүн “чөнтөкчөлөрдү” уюштуруу каралган. Ошондой эле тротуардын долбоору иштелип чыгып, жарнак конструкциялары талапка ылайык коюлуп, троллейбус менен Бишкексветтин мамылары жол боюна бириктирилет. Электр линияларын, коммуникацияларды, интернетти жер алдынан алып өтүү иштерин жүргүзөбүз.
И.Ахунбаев көчөсүндөгү, чектен мыйзамсыз чыгып турган объектилер архивдик материалдарга ылайык, тартипке келтирилет.
Коммерциялык жайлардын ээлери менен имараттардын фасаддары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жеңил конструкциялардагы, фасаддардагы жана объектилердеги бардык көрнөктөр бирдей стилде жана мамлекеттик тилде болушу керек!
Бизнес объектилердин, үйдүн ээлери өз мүлкүнүн айланасында тазалыкты жана тартипти сактоого милдеттүү! Биз Борбор калаабызды бардык тургундар жана коноктор үчүн ыңгайлуу жана кооз кылууга умтулабыз.