Азыркы тапта өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен Кичи Аренада активдүү курулуш иштери жүрүп жатат. Учурда фундаменттин котлованы казылып, жүк ташуучу унаалар тынымсыз иштеп, геодезисттер жеринде иш алып барып жатышат.
Бир нече күндөн кийин фундаментти куюу иштери башталат. Жеринде жетиштүү сандагы атайын техникалар бар. Объекттин курулушу мэр Айбек Жунушалиевдин өзгөчө көзөмөлүндө болуп, күн сайын иштин жүрүшү тууралуу маалымат алып, жумасына бир нече жолу жеке өзү текшерип турат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.