Бишкек мэриясынын тапшырмасы боюнча “Бишкекбашкыархитектура” МИнин жол-транспорттук өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери, “Бишкекасфальтсервис”, жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү, Бишкек мэриясынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы жана МАБнын 4 кызматкери менен биргеликте комиссиясы тротуардын жана веложолдун курулушуна тоскоол болгон объекттерди карап чыгышты.
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин адистери Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки тротуарды жана веложолду куруу үчүн схеманы даярдап, архитектуралык-шаар куруу корутундусун иштеп чыгышты. Веложолдун узундугу 2,8 км, тротуардын туурасы 3 метр, ал эми веложолдун узундугу 2,4 метр болот.
Эскерте кетсек, 2023-жылы Бишкек мэриясынын кызматтары Садырбаев көчөсүнүн чыгыш тарабынан Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки 2,8 чакырымдык тротуар жана веложолдун курулушун аяктаган.
Бул иштер борбор калааны көрктөндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана активдүү эс алууну өнүктүрүү максатында жүргүзүлүүдө.