Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевжана шаарды көрктөндүрүү секторунун жетекчисиЭйнар Кулбаев Борбордук Азиядагы Америка университетинин урбанистика багыты боюнчапрофессору Эмил Насритдинов жана социалдыкинновациялар лабораториясынын өкүлү Стас Далидчик менен жолугушту.
БААУнун студенттери менен биргеликте иш алыпбарган урбанисттер көрксүз аймактан кызыктуужана жагымдуу, райондун жашоочуларын жанаконокторун өзүнө тарткан аймакты түзүүнүсунушташты.
Орун Абсамат Масалиев жана Абдылас Малдыбаевкөчөлөрүнүн кесилишинен тандалды.
Урбанисттер бул аймакта чакан амфитеатрды, отургучтарды, рампаларды, тепкичтерди, төшөлмө жолчолорду, спорт аянтчасын, коомдукискусствону (паблик арт), мозаиканы, аскага чыгуудубалын жайгаштырууну сунушташат.
Борбор калаанын башкы архитектору УрматКарыбаев жөө жүрүүчүлөргө жана жеке автомобил каражаттарын колдонгондорго жагымдуушарттарды түзүүгө байланышкан идеяларды толугуменен колдойт.
Аталган долбоорду талкуулоо учурунда Карыбаевбиринчи кезекте инженердик тармактарды дыкатизилдөө үчүн топографиялык съемканы даярдоокеректигин айтты.
Ошондой эле, ал чектеш аймактарга бак-дарактарды отургузуу вариантын карап чыгуунусунуштады.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.