Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев Кытайдагы “China Construction” ири курулуш компаниясынын өкүлдөрү жана дүйнөдөгү ири курулуш подрядчыларынын бири менен жолугушту.

Компаниянын иш чөйрөсү шаар куруунун жана курулуш объектилеринин бардык аспектилерин камтыйт. Коноктордун айтымында, көп жылдар бою алар курулуш иштерине көп сандаган подряддык иштерди алып, коомдук имараттар, кеңселер, аэропорттор, мейманканалар, билим берүү жана спорт мекемелери, калктуу пункттар, медициналык мекемелер, элчиликтер, өнөр жай жана башка жаттарда да көп сандаган объекттерди тургузушкан.
Башкы архитектор аларга ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, административдик-аймактык реформа аркылуу борбор калааны кантип кеңейтээрин көрсөттү.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.