Жолугушуунун темасы – жер мунапысы боюнча документтерди кабыл алуу жана Сокулуктан Бишкекке өткөрүп берүү. Административдик-аймактык реформанын алкагында жер мунапысы боюнча документтерди шаардык кызматтар кабыл алат. Ошондой эле, жолугушууда кварталдык комитеттердин өкүлдөрүн жер мунапысы боюнча документтерди даярдоодо мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ар тараптан көмөк көрсөтүүгө чакырышты.