В.Л. Глазычев атындагы Президенттик Академиянын (Россия) аймакты өнүктүрүү кафедрасынын башчысы Дмитрий Соснин магистрдик программанын студенттери менен бирге “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасына келишти.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, ошондой эле дизайн, көрктөндүрүү, жол-транспортту өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн начальниктери ишкананын иши тууралуу айтып беришти.
Конокторго шаарды өнүктүрүү стратегиясы, борборду жакшыртуу боюнча ишке ашырылып жаткан жана келечектүү долбоорлор, дизайн-код жана транспорт тууралуу айтып беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаар куруу жаатында пикир алмашышты жана тажрыйба алмашуу тууралуу макулдашышты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.