Бишкек мэриясы “Ала-Тоо”аянтындагы флагштокту модернизациялоонун эскиздик вариантын иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыялайт Конкурстун максаты болуп учурдагы шаардык кездемеге интеграцияланган мейкиндикти модернизациялоого багытталган, конкурстук негизде мыкты архитектуралык-дизайнердик чечимдерди алуу саналат. Мелдеш бир этапта өткөрүлөт. Конкурстун түрү ачык. Калыстар тобунун жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү сынактын катышуучулары боло алышпайт. Сынакка долбоорлоо уюмдары, чыгармачыл топтор, сертификаты бар архитекторлор, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, скульпторлор жана башка юридикалык жана жеке жактар катыша алышат. Сынакка лицензиясы бар долбоорлоо уюмдарынын архитектуралык ишмердүүлүгүнө тиешелүү сертификаттары бар архитекторлор катышат. Сынактын материалдарын кабыл алуу процессинде же башка учурларда келип чыккан суроолорго жоопту сынактын уюштуруучуларынан алса болот (телефон 0312-35-30-54, bga.kg@mail.ru электрондук почтасы) Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл: – М 1:500 масштабында долбоорлонуучу объекттин башкы планы; – функционалдык зоналардын түстүү белгилениши жана экспликациясы менен план (эркин масштабда); – функционалдык зоналардын түстүү белгилери, огунда бийиктик белгилери жана өлчөмдөрү менен кесилиштер (эркин масштабда) ; – көрктөндүрүү жана жашылдандыруу схемасы (эркин масштабда); -долбоордун мазмунун 2 барактан ашык ачып берген түшүндүрмө кат (А4 форматы жалпы графикалык компоновкадан өзүнчө берилет) жана таблица түрүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр (жалпы графикалык компоновкада жайгаштырылат), анда төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөтүү зарыл: курулуш аянты, жалпы аянты, максималдуу белгиси; – авторлордун кароосуна кошумча материалдар: макет, 3 сүрөт-визуализация, фрагменттер, макеттин сүрөттөрү, сунушталган объекттин сүрөттөрү ж. б.; – бардык графикалык материалдар форекске чапталган калың барактарга жайгаштырылышы керек.10мм өлчөмү 1200х1200мм, барактардын саны – 1 (барактардын санын көбөйтүүгө жол берилбейт) . Сынакты өткөрүү мөөнөтү сынак жарыяланган учурдан тартып 5 күндү түзөт. Сынактын жарыяланган күнү 2023-жыл 11-декабрь Долбоорлорду тапшыруу 2023-жыл 15-декабрь Рецензенттердин иши 2023-жыл 20-декабрь Калыстар тобунун иши 2023-жыл 21-декабрь Тизмеси жарыяланган күнү жана сыйлык тапшыруу аземи 2023-жылдын 22-декабрында өтөт Долбоор 2023-жылдын 15-декабрында саат 18:00дон кечиктирилбестен берилиши керек, дареги: 720001, Кыргызстан, Бишкек ш., Чокморов көч. 185, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы. Сынактын жыйынтыгы “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын Бишкек мэриясынын сайтына жайгаштырылат https://bga.kg

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.