Чынгыз Айтматовдун 95-жылдык мааракесине карата “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын залында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Ишкананын кызматкерлери Чыңгыз Айтматовдун ырларын айтып, анын сөзүнө жазылган ырларды ырдашты, анын белгилүү цитаталары айтылды, ошондой эле Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасынан сценка (эпизод) коюшту. Мындан тышкары. “Бишкекбашкыархитектура” МИнин жетекчилигинин демилгеси менен ишкананын кызматкерлери Ч.Айтматовдун үй-музейине барышты. Бул үйдө жазуучу акыркы 20 жылдан бери жашап келген. Экскурсовод анын иш бөлмөсүн, конок бөлмөсүн, ошондой эле кол жазмаларын, жеке буюмдарын жана көптөгөн сыйлыктарын көрсөтүп, алар тууралуу кенен айтып берди. Ошондой эле, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин кызматкерлеринин ортосунда Айтматовдун чыгармаларына мыкты иллюстрациялар боюнча сынак өттү. Ишкананын фойесинде 20дан ашык эмгектер коюлду.

Видеону коруу: https://www.youtube.com/watch?v=zsNCy0_5NUo

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.