Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин демилгеси менен “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери арасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде мыкты иллюстрацияга сынак уюштурулат.
Сынактын уюштуруучулары катышуучуларды эркин чагылдырууга жана иллюстрация түзүүдө каалаган техниканы тандап алууга чакырат. Ишкананын адистери карандаш, ручка, калем, боек, ар кандай аппликацияларды, компьютердик графиканы, анын ичинде уюлдук телефондордогу тиркемелерди колдоно алышат.
Бардык иштер 2023-жылдын 1-декабрынан 10-декабрына чейин А4 форматындагы кагазда (китеп вариантында) аткарылышы керек.
Калыстар тобунун курамына Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкектин башкы архитектору анын орун басарлары, ошондой эле Кыргызстандын Сүрөтчүлөр жана Архитекторлор союзунан мүчөлөр кирет.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.