Шуша шаарында 24-25-ноябрларында Азербайджан өлкөсүнүн лидер Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган түрк дүйнөсүнүн архитекторлорунун симпозиуму болуп өттү.
Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун колдоосу менен Шуша шаарынын мамлекеттик коругу уюштуруп жаткан иш-чарага Азербайжан, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Венгрия, Италиядан 60ка жакын архитекторлор катышты.
Симпозиумда «Тарыхый шаарлардын ландшафттарын коргоо жана регенерациялоо саясаты» жана «Эстеликтерди коргоо, реставрациялоо жана консервациялоо» деген темаларда талкуулар болду.
Симпозиумду уюштуруунун негизги максаты – тарыхый архитектуралык эстеликтерди реставрациялоо жана консервациялоо, тарыхый чөйрөнү жакшыртуу жаатында түрк дүйнөсүнүн архитекторлорунун тажрыйбасын изилдөө.
Симпозиумдун биринчи күнүндө Азербайжандын аймактык бүтүндүгү үчүн курман болгон шейиттердин элесине бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерилди. Шушинин тарыхы жана архитектурасы тууралуу видеоролик көрсөтүлгөндөн кийин симпозиумдун расмий ачылыш аземи болду.
Симпозиумдун катышуучулары Шуша шаарындагы тарыхый эстеликтерге жана реставрацияланып жаткан мечиттерге да барышты. Аларга тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү боюнча кеңири маалымат берилди.
Шуша мамлекеттик коругунун кызматкери Муслим Имранлинин модератору болгон панелдик талкууларга Мустафа Йигит (Түркия), Айдар Ерасыл (Казакстан), Айтен Абдуллаева (Азербайжан), ЖылдызТалантбекова (Кыргызстан) жана башкалар катышты. Алар өз өлкөлөрүнүн муниципалитеттеринин маданий мурастарды коргоодогу орду, тарыхый жайларды изилдөө, мыйзамдык коргоонун тарыхы тууралуу айтып, өз ой-пикирлери жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Иш-чара эки күн талкуу менен уланды. Соңунда Шуша шаарынын мамлекеттик корук башкармалыгынын аткаруучу директору Турал Новрузов симпозиумга катышкан түрк тилдүү мамлекеттердин архитекторлоруна ыраазычылыгын билдирип, бул иш-чаранын тарыхый эстеликтерди реставрациялоо жана сактоо боюнча, ошондой эле түрк архитектурасынын өнүгүшүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.
Ошентип Азербайжандын жана түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Шушада уюштурулган дагы бир эл аралык иш-чара ийгиликтүү аяктады.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.