Month: April 2024

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын начальнигинин орун басары Нурдин Есенбаев жеке турак жай курулуш бөлүмүнүн башчысы жана Ленин райондук администрациясынын башчысы менен биргеликте Сокулук районунун кварталдык башчылары менен жолугушууга катышты.

Жолугушуунун темасы – жер мунапысы боюнча документтерди кабыл алуу жана Сокулуктан Бишкекке өткөрүп берүү. Административдик-аймактык реформанын алкагында жер мунапысы боюнча документтерди шаардык кызматтар кабыл алат. Ошондой эле, жолугушууда кварталдык комитеттердин…

Кесиптештер, “Бишкекбашкыархитектура” МИге кош келиңиздер!

В.Л. Глазычев атындагы Президенттик Академиянын (Россия) аймакты өнүктүрүү кафедрасынын башчысы Дмитрий Соснин магистрдик программанын студенттери менен бирге “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасына келишти.Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, ошондой эле дизайн, көрктөндүрүү, жол-транспортту…

Борбор калаанын түштүк тарабында көпүрө куруу менен жаңы жол курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусу менен Жукеев-Пудовкин көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн “Газпром”мектебине чейин улантуу жолунун курулушу башталды.Белгилей кетсек, жол Жукеев-Пудовкин көчөсүндө Токомбаев көчөсүнөн “Газпром” мектебине чейин курулуп, ТБЧК үстүндөгү көпүрөнүн…

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев Ак-Ордо конушунун аймагында актив менен жолугушту. Ал “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жыйындар залында өткөн жолугушууда убада кылгандай, жаңы конушка келип, көйгөйлүү жерлерди жеке өзү карап чыгып, аларды чечүү жолдорун талкуулады.

Тактап айтканда, тургундарды жер участокторун мыйзамдаштыруу маселелери, ошондой эле турак үйлөрдү коммерциялык объекттерге багытын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү кызыктырды, кызыл сызыктар жана районду келечекте өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.Ошондой эле, жашоочуларды кызыктырган суроолорго ишкананын…