“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын залында
ишкана жетекчилигинин куруучулар штабынын өкүлдөрү менен
жолугушуусу болуп өттү. Начальниктин орун басары Нурдин
Есенбаев жана жеке турак жай курулуш бөлүмүнүн башчысы
Кубанычбек уулу Санжар жер мунапысы боюнча кандай иштер
аткарылып жатканын айтып беришти.
Чогулган турак-жай конуштарынын өкүлдөрү документтерди
даярдоону тездетүүнү суранышты. Үйлөрдүн бир бөлүгү коргоо
зоналарынын участокторунда курулгандыктан документтерди
берүүгө мүмкүн эмес. Мындан тышкары, куруучулар штабынын
өкүлдөрү “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык
ишканасынын атынан Бишкек мэриясына укуктук актылардын
маселелерин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кат даярдоосун
суранышты.
Жолугушуунун соңунда кайрадан чогулуп, Бишкектин
тегерегиндеги жер участокторун мыйзамдаштырууга байланышкан
маселелерди чечүүнүн альтернативдүү жолдорун табууга аракет
кылуу чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.