Бишкектин башкы архитектору Урмат Карабаев
муниципалдык администрациялардын, аймактык
башкармалыктардын жетекчилиги жана шаардык кызматтар менен
жолугушуу өткөрдү.
Негизги маселе – кирүү топторун жана маалыматтык
констркцияларды – көрнөктөрдү “Бишкекбашкыархитектура”
МИнин кызматкерлери тарабынан мурун иштелип чыккан эскиздик
долбоорго ылайык келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер.
Ошондой эле, жолугушууга начальниктин орун басары Марат
Жороев, жарнама бөлүмүнүн башчысы Алмаз Каримов жана
Бишкектин райондорунун башкы архитекторлору катышышты.
Урмат Карыбаев кызматтарды активдүү иштөөгө жана кирүү
топторунун гана эмес, жогорку кабаттардын ээлери менен да
маектешүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Кеңешменин катышуучуларына коңшу өлкөлөрдө дизайн
кодун киргизүүнүн мисалдары көрсөтүлүп, сүрөттөрдө мурун жана
кийин кандай болгондугу көрсөтүлгөн. Ошондой эле Бишкектеги
учурдагы абалды көрсөтүштү.
Жолугушуунун соңунда 1-октябрда чогулуп, аткарылган
иштерди талкуулоо чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.