Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов менен
биргеликте аялдама комплексин бүткөрүү процесси менен таанышты.
Ю. Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде демөөрчүлүк каражаттын эсебинен коомдук транспорттун
аялдамасын кайра конструкциялоо марага жакындап калды.
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин адистери тарабынан иштелип чыккан долбоор Биринчи май районунун башчысы
тарабынан колдоого алынып, “Бакай банк” ААКтын эсебинен ишке ашырылды.
Белгилей кетсек, бул участокто тротуарды кеңейтүү, асфальттоо жана жол жээк таштарын орнотуу иштери да аяктоодо.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев шаар боюнча ушундай аялдамаларды түзүү зарылдыгын айтты.
Айтмакчы, заманбап токтотмо комплекси Манас проспектинде Азия Молл соода борборунун жанында жана Ахунбаев
көчөсүнөн жогоруда курулуп бүттү.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.