“Бишкекбашкыархитектура” ММнын жыйындар залында Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ЖКККББ жана жеке компаниялардын кызматкерлери чогулушту.

Негизги маселе-электр кубаттоочу станцияларды орнотуу.
“Бишкекбашкыархитектура” ММнын башкы инженери, Махабат
Шамбетова өз сөзүндө Бишкекбашкыархитектура жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан 60 станцияга уруксат берүүчү документтерди иштеп чыгуу иши аяктагандыктан процессти тездетүү зарылдыгы тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында шаардык кызматтарга бирдей
параллелдүү өндүрүштүк иштерге ордер берүүгө уруксат берүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, унаа токтотуучу жайды бренддөө жана тиешелүү
белгилерди орнотуу маселеси талкууланды.
Эскерте кетсек, акселераторлор тобунун бул жолугушуулары “Кыргыз Республикасында электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү” долбоордун бөлүгү боюнча “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында өтүп жатат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.