Бүгүн биз үчүн өзгөчө күн. Борбор калаабыз менен сыймыктана турган күн! Бишкектин ар жылы өзгөрүп, өнүгүп жатканы бизди кубандырбай койбойт. Акыркы жылдары чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын баарыбыз эле байкап жатсак керек. Мурун кичинекей бир шаарча сыяктуу сезилсе, азыр кадимки чоң мегаполиске айланды. Жана бул башталышы гана! Шаар тургундары үчүн анын жайлуулугу, туристтер үчүн көркү алдыда мындан да артат деп ишенем!

Сүйүктүү шаарыбызга дагы да гүлдөп өнүгүүнү, өсүүнү каалайм! Борбор калаабыз ар дайым сиздер сыяктуу – интеллигент, чыгармачыл, жан дүйнөсү бай, ачык адамдар менен толуктала берсин! Ар бириңиздерге тынчтык, бакубат жашоо жана эртеңки күнгө болгон жаркын үмүт каалайм! Бишкекти улам жакшыртып, ар күнү көрккө бөлөп жаткан сиздерге рахмат!🙌🏻

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.