Гарвард университетинин дизайн профессору, Спиро Поллалис
Кыргызстандын архитектура мамлекеттик агенттигинин чакыруусу менен
Кыргызстанга учуп келди.
“Бишкекбашкыархитектура” ММнын Гарвард Университетинин
профессору мекеменин жетекчилиги жана жамааты менен жолугушту.
Негизги маселелердин бири бул шаардык кадастр жана шаар курууну
пландоо, шаар куруу жаатындагы чет элдик эксперттердин пландары
олуттуу-алар шаарды баалоо менен алектенишет.
Жыйынтыгында, алар Кыргызстандагы шаарлардын азыркы абалын
сүрөттөп, кайсы тармактарды жакшыртуу керектигин жана кайсы тармактар
жакшы иштеп жатканын айтып беришет. Ошондой эле, кыска жана узак
мөөнөттүү мезгилдерге сунуштар иштелип чыгат.
Бишкек шаарынын башкы архитектору, Урмат Карыбаев чет элдик
эксперттер убакыт таап, мекемеге келгенине ыраазычылык билдирди.
Начальник борбордун башкы планы, аны ишке ашыруу жана келечекте
өнүктүрүү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, начальниктин орун басары,
Замира Кангелдиева жалпы документация жана шаар куруу боюнча
мыйзамдар боюнча учурдагы абал менен бөлүштү.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.