Шаардык кызматтардын жер мунапысы боюнча жолугушуулары тез- тез боло баштады. Бүгүн, “Бишекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында мекеме жетекчилигинин Бишкектин бардык төрт районунун акимдеринин орун басарлары менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Ошондой эле, жолугушууга Мамкаттоонун, Бишкек мэриясынын Турак жай курулуш департаментинин өкүлдөрү, мекеменин жеке турак жай курулуш, “Бирдиктүү терезе” бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, юристтер катышышты. Бүгүнкү күндө, жер мунапыс бөлүгү боюнча иштеген кызматтар бир катар көйгөйлөргө туш болушууда. Кызыл китептердин берилишинин кечиктирилишинин себептеринин бири арыздануучулардын келбей жатышы. “Биз суроо-талапты тапшырыкчыга беребиз, ал бул суроо-талапты Мамкаттоого жеке өзү бериши керек, адистер бул участокто юридикалык көйгөйлөр жок экендигин аныкташ үчүн, бизден суроо-талапты алган адам белгисиз себептерден улам жок болуп атат” – деди “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальнигинин орун басары Данияр Бапышов. “Тапшырыкчы суроо-талап үчүн бизге жумалап келбей калган башка мисалды, биз аны Мамкаттоого өз алдынча бере албайбыз, анткени тапшырыкчынын ишеним каты зарыл” – деп улады ал. Жолугушуунун катышуучулары кызматтар менен райондук администрациялардын ортосунда маалымат алмашуу процессин тездетүү үчүн маалымат алмашуу кызматтарынын биринде топ түзүштү.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.