Иш-чарага Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, Кыргызстандын Архитекторлор союзунун жетекчилиги, долбоорлордун башкы архитекторлору жана инженерлери, ошондой эле сейсмология институтунун өкүлдөрү, долбоордук уюмдардын жетекчилери жана курулуш тармагындагы башка адистер катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандын долбоорлоо-курулуш тармагындагы абал, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү процесси талкууланды жана Түркиядагы имараттардын кулашын талдоого алынды. Мындан тышкары, курулуштун сапатына жана ченемдик документтерди кароого байланыштуу маселелер айтылды. Жолугушуунун аягында сейсмикалык таасирлер боюнча комплекстүү эксперттик топ түзүү чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.