Өтүп бара жаткан жыл, анын акыркы мүнөттөрү – бул биз басып өткөн жолго сереп салуу, жыйынтык чыгаруунун мезгили. 2022-жыл мен үчүн жашоомдогу жаңы баскыч болду жана мен анда мага көрсөтүлгөн ишенимди актоо үчүн бар күчүмдү жумшадым.

Биздин кесиптик жамаат үчүн да бул жыл өтө жемиштүү болуп, көп нерсеге жетише алдык. Убактыбыздын бир да мүнөтүн текке кетирбей, иш, жаратуу менен алектенип жаттык. Өтүп бара жаткан жылы ишке ашырылган биздин жетишкендиктерди төмөндөгү видеороликтен көрсөңүздөр болот.

Жана ошондой эле биз жыйынтык менен гана чектелип калбайбыз. Мындан ары да көптөгөн иштерди ийнине жеткире аткара аларыбызга мен бекем ишенем! 2023-жылга карата масштабдуу пландарыбыз бар. Буларды ишке ашыруу үчүн тажрыйба менен билимибизди колдон келишинче колдонобуз.

Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүнкү майрамда айтылган каалоо-тилектин баары орундалсын! Жаңырып жаткан жаңы жыл сиздерге чыгармачылык эргүү, түгөнгүс энергия тартууласын. Бардык кыялдар менен пландарыңыздар ишке ашсын! Сиздерге үй-бүлөлүк бакыт, жан дүйнө тынчтыгын жана шаттуу көңүл каалайм!

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.