Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин ортосундагы мелдештин жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров тапшырды.
Мелдештин жыйынтыгында бильярд боюнча байгелүү орундарды төмөнкү командалар ээледи:

  • 1-орун – Ленин райондук администрациясы;
  • 2-орун – «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси;
  • 3-орун – «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы.

Стол тенниси боюнча:

  • 1-орун – «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси;
  • 2-орун – «Бишкексууканал» башкармалыгы;
  • 3-орун – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы.
    Эске салсак, мелдештер 19-ноябрдан 11-декабрга чейин борбор калаанын спорт залдарында өткөн. Аларга 20дан ашык команда катышты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.