“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин демилгеси боюнча типтүү долбоорлорду Бишкек шаарынын аймагындагы жер участокторуна байланыштыруудагы көйгөйлөрдү мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын өкүлдөрү талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Мамкурулуштун директорунун орун басары, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жана жеке турак жай курулуш бөлүмүн жетекчилери, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы менен биргеликте жеке турак үйлөр үчүн кайрадан колдонулуучу долбоордук документтерди алууну жеңилдетүү боюнча маселени чечишти.
Азыркы учурда “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адистеринде документти даярдоо учурунда кыйынчылыктар пайда болууда. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бул процедураны шаардыктардын пайдасына жөнөкөйлөтүү чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.