“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинде
өлкөдө ар кандай аралыкка чуркоо менен байланышкан бир дагы
иш-чараны калтырбаган туруктуу командасы түзүлдү.
Бул жол Бишкектин башкы архитектору да катышты. Урмат
Карыбаев 14 чакырым аралыкты басып өттү. Бул аралыкты Чүй
проспектиси, Абдрахманов/Байтик Баатыр, Масалиев көчөлөрү,
Айтматов/Манас проспекттеринде чуркоо керек болчу. Баштоо
жана марага жетүү — Ала-Тоо аянтында болду.
Бардык марага жеткен спортчуларыбызга медалдар тапшырылды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.