Көчмө жыйын Бишкек шаарынын түштүк-батыш пландоо аймагында болуп өттү.Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык кызматтарынын, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү “Бишкекбашкыархитектура” ММнын башкы инженери Махабат Шамбетова менен биргеликте жалпы билим берүү мектебин куруу үчүн пландаштырылган участокту Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун жетекчилигине айтып беришти жана көрсөтүштү.Жолугушуунун катышуучулары инженердик тарамдар маселелерин, аларга кошулуу мүмкүндүгүн, ошондой эле геологиялык жана юридикалык маселелерди талкуулашты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.