Мындай кварталдарда үйлөрдүн арасында кароосуз калган,
жашылдандырылган коомдук мейкиндиктерге, жарандардын жагымдуу жана
жайлуу эс алуу жайларына айлануу мүмкүнчүлүгү бар участоктор көп.
Тимирязев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки
№10, 12, 13, 15-үйлөрдүн ортосундагы жана Байтик Баатыр жана Саманчин
көчөлөрүнүн бурчундагы, Байтик Баатыр көчөсү, №2 жана №9 кичи
районунун №1 үйлөрүнүн жанындагы участоктор долбоорлоонун кезектеги
объектилери болуп калды.
Бул жашыл аралчалар түзмө-түз үйлөрдүн терезелеринин астында
болуп кароосуз ээн калууда, жергиликтүү тургундардын эс алуусу үчүн эч
кандай ыңгайлуулуктары жок, б.а. участоктор шаардын жашоосунан бөлүнүп
калган.
Тимирязев көчөсүндөгү аймактын аянты 0,44 га, ортосунда ачык
мейкиндик бар, үйлөр жана чоң бак-дарактар менен курчалган. Биздин
оюбузча, аймак ыңгайлуу отургучтары жана мейкиндикти толтурган балдар
үчүн ойноочу элементтери бар тынч сейилдөө аймагына айланып,
жарыктандыруу менен, таштанды челектери ж. б. менен жабдылышы керек.
Участок тегиз болгондуктан, рельефти ландшафттык геопластика, жер
жерлерин кичинекей бийиктиктер жана адырлар аркылуу жасалма жол менен
өзгөртүү чечими кабыл алынган. Эң жагымдуу эстетикалык көрүнүш үчүн,
тротуарларды жана аянтчаларды каптоо ар кандай түстөгү брусчаткалардан
сунушталат.
9-микрорайондогу участок 0,04 га аянтты ээлейт. Бул учурда
тротуарларды, аянтчаларды аткаруу жана сырткы эмеректерди, жарык
берүүчү чырактарды жана коммуналдык-тиричилик жабдууларын
жайгаштыруу каралган. Долбоордун өзгөчөлүгү – компьютерде иштөөнү же
ачык асманда китеп окууну сүйгөндөр үчүн тротуарлардын ийри сызыктарын
кайталаган өзгөчө формадагы столдор. Алардын сызыктарынын тегиз
эместиги участоктогу көптөгөн бак-дарактардан улам келип чыккан жана
алардын көлөмү чоң болгондуктан көлөкөдө эс алуу ар бир адамга жагымдуу
сезим калтырат.
Бул кичинекей көлөмдөгү мейкиндик сунуштары ишке ашырылса,
жашоочулардын жана өтүп бара жаткандардын чакан эс алуу жайы болуп
калуусу тийиш. Сунушталган долбоорлор андан ары кароо жана ишке
ашыруу үчүн райондук администрацияларга жана Бишкек шаарынын
мэриясына жөнөтүлдү.

ул. Тимирязева

9 микрорайон

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.