Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун директору, Нуртазин Джетыбаев «Бишкекбашкыархитектура”мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана жамааты менен жолугушту. Жолугушууда ал жамаатты жашырбай, көп жылдык көйгөйлөрдү ачык айтууга чакырды.  

Бишкектин Башкы архитектору, Урмат Карыбаев шаар куруу мыйзамдарындагы көйгөйлөр жөнүндө айтып берди. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлери уруксат берүүчү документтерди натыйжалуу даярдоо боюнча өз сунуштарын киргизишти.  

Андан соң, Кыргыз Республикасынын  Мамкурулушунун директору, Нуртазин Джетыбаев жалпы бөлүмдүн жана “Бирдиктүү терезе”бөлүмдөрүнүн  иштери менен таанышты. Өз сөзүндө ал жакын арада көйгөйлүү маселелердин бир бөлүгүн жумуш тартибинде чечүүгө аракет кыларын белгиледи. Н.Джетыбаев мезгил-мезгили менен жамаат менен жолугушуп, борбордун архитектурасын өнүктүрүүгө жардам берүүгө ниеттенүүдө.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.