Шаардын турак жай конуштарын жарыктандыруу үчүн “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин инженердик-техникалык шарттар бөлүмү (ИТШ) тарабынан турак жай конуштарында сырткы жарык берүү тарамдарын курууга жумушчу долбоорлор иштелип чыккан жана макулдашылган. Ал конуштар:
 
 “Ак-Ордо”, “Арча-Бешик”, “Эне-Сай”, “Ак-Тилек”, “Балбан-Таймаш”, “Дордой”, “Достук”, Ала-Тоо”, “Ак-Орго”, “Учкун” Воссовхоз көчөсү, “Орок”, “Кара-Жыгач”, “Мурас-Ордо”, “Куруучулар шаарчасы”, “Газшаарчасы”, “Энергетиктер шаарчасы”, “Калыс-Ордо”, “Жеңиш” конушу, “Ынтымак” конушу, “Ак-Бата” конушу, “Бакай-Ата” конушу, “Алтын-Ордо” конушу.
Электр менен камсыздоо: “Бугу-Эне багыш” конушунда, “Учкун” конушунун бөлүгүндө, Кут конушунда, “Мурас-Ордо” конушунда трансформатордук көмөкчү чордонду орнотуу аркылуу электр менен жабдууну жакшыртуу.
 
“Түндүк электр” ААКнын керектөөчүлөрүн электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жакшыртуу үчүн, учурдагы кабелдик линияларды алмаштырууга жана жаңыларын 6 даана санда (КЛ-6кВ, 10 кВ) курууга ИТШ иштелип чыккан жана берилген.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.