Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана жамааты, бардык Кыргызстандыктарды жазгы күн-түн теңелүү күнү – Нооруз майрамы менен куттуктайт!

Нооруз көптөгөн элдердин эң сүйүктүү майрамдарынын бири. Бул жаздын келишин жана жаратылыштын жаңыланышын символдоштурган кубанычтуу жана жарык күн.

Бул майрам кылымдар бою тынчтыкты, биримдикти жана элдердин достугун бекемдөөнүн маанилүү фактору болуп кызмат кылып, өзүндө боорукердикти, өз ара сыйлашууну, кайрымдуулукту жана берешендикти чагылдырат. Нооруз баарыңыздарга жазгы күндү жана жылуу күндөрдү алып келсин, аны менен бирге Кыргызстаныбызга өнүгүү алып келсин! Үйүңүздөрдө дайыма бири-бириңизге камкордук, тынчтык жана сүйүү өкүм сүрсүн.

Сиздерге чын жүрөктөн бекем ден соолук, бакыт жана тынчтык каалайбыз.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.