2024-жылдын 14-майындагы №134 “Бишкек шаарынын аймагында имараттардын жана курулуштардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө, маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга жана пайдаланууга коюлуучу талаптарды жана эрежелерди бекитүү жөнүндө”, токтомуна  ылайык, бүгүнкү күндө бардык имараттардын жана курулуштардын фасаддары (тышкы көрүнүштөрү) архитектуралык-эстетикалык талаптарга ылайык келтирилүүдө.

 

        Биздин башкармалык, шаардык кызматтар менен биргеликте базарлардын фасаддарын шаар көрүнүшүнө ылайык келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Азыркы учурда бул иштер Орто-Сай жана Аламедин базарларында жүрүп жатат. Көпчүлүк учурда жеңил типтеги объектилер бир кабаттуу болуп, бир нече чарба субъектилеринен туруп,  базарларда    жайгашкандыктан, аларга эскиздик долбоор  берүү максатка ылайыктуу. Эскиздик долбоордун негизги максаты-ар түрдүү жана  башаламан жайгашкан жеңил типтеги объектилерди бириктирүү. 

     Булар төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашат: алардын бийиктигин бир горизонталдык огуна алып келүү, жалпы парапет менен бириктирүү, фасад бөлүгүнүн жасалгасы үчүн бирдей түс чечимдерин берүү, бирдиктүү колористикалык чечим кабыл алуу. Парапедтин өңү баардык узундугунда бирдей болуусу шарт. 

    Бул көрнөктөргө жана маалыматтык такталарга дагы тиешелүү-алар белгиленген өлчөмдө, дизайн-кодго ылайык жана белгилүү бир бийиктикте болушу шарт. Көрнөктөр арткы тактасыз бирдиктүү горизонталдуу огунда көлөмдүү тамгалар менен гана болушу керек. Бардык павильондордун түзүлүшү бирдей болушу  зарыл. Кирүү топтору дагы ушул принцип менен комплекстүү чечилет. Бардык талаптар жана эрежелер эскиздик долбоордо көрсөтүлөт.

                                                      

Эскиздик долбоорго төмөнкүлөр кирет:

Участоктун башкы планы

Кабаттардын пландары

Имараттын фасаддары

3D визуализация

Болжолдуу курулуш чечимдери 

 Бардык суроолор боюнча  (0312) 312 990 телефону аркылуу кайрылсаныздар болот же төмөнкү дарекке келсениздер болот: Ж.Турусбеков көчөсү, 31, 5 -кабат, 511-кабинет (кабыл алуу күндөрү) Ошондой эле, белгиленген тартипте “Бирдиктүү терезе” долбоордук -консультациялык кызмат көрсөтүү борбору бөлүмүнө кайрылсаныздар болот.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.