Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген бюрократизацияны жоюу алкагында учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтердин санын кыскартуу, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана жарандар менен бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарада “Бишкекглавархитектура” мамлекеттик башкармалыгынын имаратында кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого, курулушка жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү тартиби жана курулушу аяктаган объектилерди пайдаланууга берүүдө алардын талаптарга шайкештигин баалоо тууралуу Жобонун долбоору коомдук талкууга коюлду. Талкууга министрдин орун басары Бакай Турдугулов, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангелдиева, “Бишкекглавархитектура” мекемесинин жетекчиси Медербек Кыдырмаев, мекеме кызматкерлери, курулуш компанияларынын жетекчилери жана Курулушчулар союзунун өкүлдөрү катышты. Курулуш компанияларынын өкүлдөрү активдүү катышып, Жобонун ар түрдүү аспектилери боюнча суроолорду берип, сунуштарын айтып, министрликтин адистеринен квалификациялуу жоопторду алышты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар айтылган сунуштар менен эскертүүлөрдү эске алуу менен документ долбоорун кабыл алышты. Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталына жайгаштырылат. Ал жактан кызыккан тараптар жана уюмдар өз пикирлерин жана сунуштарын бере алышат. Бул документ курулуш тармагындагы негизги процесстерди жөнгө салат жана курулуш сапаты менен коопсуздугунун жогорку стандарттарын сактоо менен административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Коомдук талкуу кесипкөй коомчулуктун оюн эске алууга жана курулуш тармагындагы уруксат берүү процессинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.