Төрт ай аралыгында Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев анын орун басарлары, ошондой эле башкы инженер жана шаарды комплекстүү долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы Эйнар Кулбаев шаардык кызматтар менен болушунча тыгыз иштешип, техникалык маселелерди чечишти. “Бишкекбашкыархитектура” МИнин адистери тарабынан даярдалган бул масштабдуу жана өлкө үчүн маанилүү долбоор – Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо ийгиликтүү аяктады. Мурунку күнү, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда расмий ачылыш болду. Борбор калаанын башчысы саламдашуу сөзү менен чыгып, фонтан топторунун ачылышына старт берди, ошондой эле эпикалык фейерверк-шоу уюштурулду. Иш-чара эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа менен уланды. Эскерте кетсек, Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо учурдагы фонтан топторун жаңылоону гана эмес, суу түтүктөрүн алмаштырууну, фонтан конструкцияларынын батыш, чыгыш тарабынан жана аянттын борбордук бөлүгүндөгү сырткы көрүнүшүн өзгөртүүнү камтыды. Ошондой эле, отургучтар жана башка чакан архитектуралык формалар толугу менен жаңыртылды. Эски тепкичтерден демонтаждалган табигый таш плиталары геометриясын кайра иштетүүдөн жана калыбына келтирүүдөн кийин кайра орнотулган.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.