“Бишкекбашкыархитектура” МИнин жетекчилиги жана жамааты сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен, Куруучулардын күнү менен куттуктайт!
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча борбор калаада, өлкөнүн көптөгөн объектилеринде масштабдуу иштер жүрүп жатат, ошондой эле Ала-Тоо борбордук аянты реконструкцияланып, жакында эле 100 метрлик флагшток орнотулду, куруучулар көптөгөн спорт объектилеринде иш жүргүзүп жатышат.
Кыргызстандагы куруучулар акыркы жылдары, Бишкектин жана жалпы эле өлкөнүн курулуш аянттарында активдүү иш алып барышууда.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы боюнча көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушу жүргүзүлүүдө.
Сиздердин жардамыңыздар менен кыргызстандыктар жана биздин өлкөнүн меймандары ыңгайлуу имараттарда жашоого, иштөөгө жана эс алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, туруктуулук, өз күчүңүздөргө ишеним жана ийгиликтүү бүткөрүлгөн объектилерди каалайбыз.