Бишкектин башкы архитекторунун орун басары, Назгүл Койбагарова, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башкы сүрөтчүсү, Рысбек уулу Сыймык жана шаардык дизайн бөлүмүнүн начальниги, Айгерим Эстебесова Астанадагы (Казакстан Республикасы) кесиптештери менен “Дизайн-код” бөлүгү боюнча тажрыйба бөлүштү.
Бүгүн Астана шаарынын акимчилигинин “Астана-Жарнама” коммуналдык мамлекеттик мекемеси анын директорунун атынан Сабыркулов Асылбек, директордун орун басары, Кусаинов Шынгыс жана дизайн бөлүмүнүн жетекчиси Ролланова Тамила дизайн-коддун ишин видеоконференцбайланыш аркылуу талкуулашты.
Казакстандын борборунда жарнама жайгаштырууну жөнгө салуучу документ иштеп чыгуу алдында. Астанадагы кесиптештер колдонулуп жаткан чечимдерге кызыгышты, мисалы, эгер жай жер төлөдө жайгашкан болсо, көрнөк-жарнактарды жайгаштыруу же өзүнчө турган жарнамалык конструкциялардын бирдиктүү форматы барбы деген маселе да аларды кызыктырды.
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин адистери долбоордун автору көрсөткөндөй имараттын паспорту кандайча даярдалып жана берилип жаткандыгы жөнүндө айтып беришти.
Ошондой эле, адистер жарнаманы жайгаштыруу эрежелерин ишке ашыруу учурунда туш боло турган көйгөйлүү тараптар жөнүндө айтып беришти. Астананын адистери Бишкекте дизайн-коддун биринчи этабы кандай ишке ашырылганы боюнча таанышууга Бишкек шаарына келүү ниеттерин билдиришти.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.