Бишкек мэри, Айбек Жунушалиевдин планына ылайык, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы, борбор калаадагы “визуалдык ызы-чуу жараткан аба -чубалгыларын азайтуу” боюнча активдүү иштерди улантууда. Аны азайтуу жана шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн Абдырахманов көчөсүн көрктөндүрүү алкагында интернет-провайдерлер тарабынан Бишкек шаардык телефон тармагынын (БШТС) жер астындагы телефон каналдарына оптикалык -интернет чубалгыларын кайра куруу аткарылууда.
Ошондой эле, “Бишкекбашкыархитектура” МИси Бишкек электр тармактары ишканасы менен биргеликте электр тармактарына кошулган субъекттерге аба чубалгыларын (АЧ) демонтаждоо боюнча билдирмелер берилген.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментине жана “ВЕГА” ЖЧКсына “Бишкекбашкыархитектура” МИнин макулдашылган долбоорлору боюнча светофорлорду жана видеобайкоо камераларынын таянычтарына (“Коопсуз шаар”) электр берүү аба-чубалгыларын жер астындагы ыкма менен өткөрүү өтүнүчү менен каттар жөнөтүлгөн.
Бул иш муниципалдык ишкана тарабынан шаардын башка кызматтары менен биргеликте аткарылууда.