Бүгүн, япондук Nikken Sekkei архитектуралык компаниясынын архитекторлору менен биринчи жумушчу онлайн кеңешме болду.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, анын орун басары Азирет Акимов жана “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын бөлүм башчылары Япониядагы кесиптештери менен сүйлөшүштү.
Япондук Nikken Sekkei архитектуралык компаниясы Бишкек шаарынын иш жүзүндөгү абалы тууралуу аналитикалык маалымкатты даярдоо боюнча активдүү иштерди баштады.
Компаниянын өкүлдөрү биринчи презентацияны ушул жылдын жай айынын аягында өткөрүүнү көздөп жатышат. Бүгүнкү таанышуу маегинин жүрүшүндө актуалдуу маселелер талкууланды, ошондой эле Япониялык кесиптеш архитекторлор аткарылган иштердин бир бөлүгү менен тааныштырышты жана тез арада, жакынкы убакта бериле турган кошумча маалыматтарды сурашты.
Жумушчу кеңешменин аягында ушул сыяктуу онлайн кеңешмелерди жума сайын өткөрүү чечими кабыл алынды.
Эске сала кетсек, июнь айынын башында башкы пландарды иштеп чыгуу боюнча дүйнөдөгү №1 «Nikken Sekkei» компаниясынын Бишкекке иш сапары аяктаган. Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев япон адистерин шаардын түзүлүшү менен тааныштырды.
Токио шаарында 2024-жылдын 17-майында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен белгилүү Япониялык «Nikken Sekkei Ltd» компаниясынын президенти Рюичи Кизуминин ортосунда шаар куруу, урбанистика жана архитектура жаатындагы кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.