Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов менен биргеликте Республикалык «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт борборунун аймагындагы стадиондун курулушунун жүрүшүн текшерди.
«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыккан алдын ала долбоорго ылайык, “Эмгек резерви” борборунун аймагына трибуналары бар стадион, машыгуу, футбол, волейбол, баскетбол жана воркаут аянтчаларын жайгаштыруу пландалууда. Спорт комплексин, амфитеатрды жана унаа токтотуучу жайды куруу, ошондой эле сейилдөө аянтын (БЧКны бойлото сейилдөөчү аянт) куруу каралган.
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы стадиондун аймагындагы куурап калган бактарды алуу иштерин жүргүздү.
Айта кетсек, алардын ордуна 300гө жакын жашыл көчөттөрдү отургузуу пландалууда.
Учурда реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
Маалымат: Республикалык «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт борбору буга чейин спорттук мелдештерди өткөрүү борбору болгон. 2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров «Эмгек резерви» Республикалык дене тарбия жана спорт борборунун жер тилкелерин, имараттарын жана курулмаларын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө токтомго кол койгон.

photo_2024-04-24_14-01-29
photo_2024-04-24_14-01-30
photo_2024-04-24_14-01-29 (2)

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.