“Бишкекбашкыархитектура” МИнин жетекчилиги жана жамааты бекитилген аймакты ирээтке келтирүүнү улантууда. Ынтымактуу жамаат бүгүн Турусбеков көчөсүнөн катуу тиричилик таштандыларын чыгарып жана  кургак бутактарды алып ташташты.
Мындан тышкары, Бишкектин башкы архитектору, Урмат Карыбаевдин тапшырмасы менен “Бишкекбашкыархитектура”муниципалдык ишканасынын айланасын көрктөндүрүү иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө, жабык тамырлары  менен он ири ясень дарактарын  жана сирень көчөттөрүн Бишкектин башкы архитектору, Урмат Карыбаев, орун басары  Азирет Акимов жана бөлүмдүн начальниктери, адистер менен бирге отургузушту.  Алдын-ала  башкы инженер-Махабат Шамбетова Амантуровна жана жолдорду өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери топографиялык  схема  боюнча инженердик тармактардын коргоо зонасын эске алуу менен аларга зыян келтирбөө үчүн  бактарды отургузууга жерлерди жана аныктап ченеп чыгышты.
Эске салсак, Бишкек  шаарынын мэриясы  2024-жылдын 11-мартынан тартып  11-майына чейин   Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыкты жарыялаган.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.