Инфраструктураны жакшыртуу, шаардыктар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоо максатында “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо долбоорун баштоо талкууланды.
Бүгүнкү күндө реконструкциялоонун эскиздик долбоору “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат.
Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде “Ала-Тоо” аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.
Бишкек шаарынын мэриясы реконструкциялоого байланыштуу пайда болушу мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.